«Мекемебиз адистер менен толук камсыз болгон»
-Негизинен бизде бардык дабагерлер: акушер-гинекологдор, уролог, андролог жана сексопатолог бар. Жалпысынан мекемеде 9 акушер-гинеколог, 2 уролог-андролог жана сексопатолог эмгектенет. Мындан сырткары, акушерлер, медайымдар, фельдшерлер кызмат көрсөтөт. Ошондой эле, 30 кызматкер биздин кызматка көмөктөшүүчү адистер болуп саналат. Мекемебиз адистер менен толук камсыздалган. Ош облусунун элинен сырткары Баткен облусунун да жарандарын тейлейбиз. Биздин борбор кеңеш берүүчү мекеме, ошондуктан бизге кайрылган жарандар жатып дарыланууга муктаж эмес. Бизден кеңеш алып, керектүү дары-дармектерди жаздырып кетишет. Андан соң дарыгердин көзөмөлүндө болуп турушат.
Абдирашит Акынбеков, директордун орун басары, уролог:
«Мамлекет айрым интернет-сайттарды колдонууга тыюу салса»
- 1995-жылдан бери ушул мекемеде уролог болуп эмгектенип келем. Бизде 9 гинеколог болсо, 9 багыт боюнча иштешет. Мисалы, өспүрүмдөр гинекологу өзүнчө, үй-бүлөнү пландаштыруу, шишик оорулары боюнча өзүнчө адистер эмгектенет. Эркектердин уролог жана андролог дарыгерлери бар. Уролог- бөйрөк, табарсык, заара органдарын кароочу адис. Ал эми андролог эркектердин өсүп жетилүүсү, алардын гигиенасы, оорулары жана аларды кантип алдын алуу боюнча иш алып барган адис эсептелет.
Азыркы кездеги эң негизги көйгөй баарыбыз колдонуп жаткан мобилдик телефон. Азыр интернетти кайсыл жерге барсаң да табасың. Тоого чыксаң да, шаарда да, айылда да, ал тургай тамак жей турган жерге кирсең да акысыз интернеттер бар. Уюлдук телефонду кенже класста окуган балдардан тарта жогорку класстын окуучуларына чейин колдонушат. «Тыюу салынган» видеолорду көрүшөт. Мисалы, ушул жылдын май айында бир мугалим 7 баланы алып келди. Алардын эң жашы 6-класстын окуучусу, калганы 7-8-9-класстын окуучулары. Балдар акча топтоп, бир сойку кызды жалдашкан. Жыйынтыгында өспүрүм балдар ооруп, бул окуя мугалимине жетет. Мугалими эч кимге билдирбей бизге алып келиптир. Текшерүүдөн кийин жанагы балдардын бешөөнөн оору чыкты. Биздин өлкөдө интернеттеги айрым сайттарга жаштарга кирүүгө бөгөт кое турган бир нерсени иштеп чыкса жакшы болмок. Балким ушундай көрүнүштөр болбойт эле. Жыныстык оорулардын айрымдарынын белгиси көп убакыт бою байкалбайт. Андыктан адам ооруну сезбей «тазамын» деп жүрө берет.
«17-18 жаштагы балдар простатит менен оорушат»
-20 жыл мурун 25 жаштан жогорку балдар простатит оорусу менен ооруп кайрылышчу. Азыр 17-18 жаштагы балдар кайрылып жатышат. 30 жаштан жогоркулар импотент менен ооруп кайрылса, азыркы учурда 20 жашка чыккан балдар бул оору менен кайрылып жатканы өкүндүрөт. Бул деген сөз эркектик касиети жок, бел күчү жок, жыныстык алсыздык дегендик да.
«Насвай, кальян тукумсуздукка алып келет»
-Бир ай мурун жаңы үйлөнгөн 20 жаштагы бала жыныстык алсыздык менен кайрылды. Бир топ жерлерге көрүнүп, эч кандай жыйынтык чыкпай бизге келиптир. Баланын өзү менен сүйлөшсөм тамеки чекпейт, спирт ичимдигин ичпейт. «Бош убактыңда эмне кыласың» десем, «балдар менен түнкү клубка барам» дейт. «Түнкү клубда ичпесең, чекпесең эмне кыласың» деп такып сурасам, «кальян чегем» дейт. Кээде күнүгө, кээде күн алыс барат экен. Мына жыйынтыгы, кальян дагы жыныстык алсыздыкка алып келет экен. Атасына айтып, түнү-күнү көзөмөлгө алып кальянга жөнөтпөй карап отуруптур, айыкты. Кафе-ресторандагы кальяндарга, айрым интернет-сайттарга мамлекеттен көзөмөл коюу зарыл. Ошондо биздин генофонд, репродукция оңолмок.
Насвай түштүк чөлкөмүндө модага айланып баратат. Баткен, Кадамжай райондорунда 40тан ашкан эркектердин 90 пайызы жыныстык алсыздык менен оорушат. Бирок намыстанып коомчулукка, теңтуштарына айтышпайт. Насвай, тамекинин курамында мышьяк деген уулуу зат бар. Бул эркектердин ден соолугуна өтө кооптуу.
Ыквал Казакбаева, Нике жана үй-бүлө бөлүмүнүн башчысы:
«Тукумсуздук жыл сайын 10-12 пайызга өсүүдө»
-Мен нике жана үй-бүлө бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем. Негизинен 30 жылдан ашык эмгек тажрыйбам бар. Бизде нике жана үй-бүлө, үй-бүлөнү пландаштыруу жана жаш, өспүрүм кыздардын бөлүмү бар. Аты айтып тургандай эле биздин бөлүмгө төрөбөй жаткан аялдар, боюнда баласы турбай жаткан, жыныстык жактан ооруган аялдар кайрылышат. Көп учурда аялды күйөөсү менен чогуу текшерип, дарттын эмнеден улам экендигин тактайбыз.
Тукумсуздук жыл сайын өсүп баратат. Бул илдет 18 жаштан 35 жашка чейинки аялдар ортосунда көп катталууда. Турмушка чыгып 2-3 жыл жашап, анан боюмда болбой жатат деп кайрылышат. Жыл сайын 10-12 пайызга тукумсуздук өсүүдө десем туура болот. Мындан сырткары көнүмүшкө айланган бойдон түшүү оорусу, балдары өспөй калган, тубаса оорулар менен төрөп калгандар биздин мекеменин кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Булар менен иш алып барган атайын адистерибиз бар.
«Аялдардын сезгенүү оорулары көп катталууда»
-Тукумсуздук оорусу боюнча аялды же бир адамды күнөөлөй албайм. Турмушта экология, тамак-аш өз таасирин тийгизет. Мындан сырткары, эндокриндик, гормоналдык бузулуулар да бул оорунун белгилерине кирет. Богок оорусу менен ооругандар көп, бул оору менен ооругандардын айызы бузулат. Экинчиден аялдардын сезгенүү оорулары көп катталууда. Бул миграцияга байланыштуу десем болот. Анткени, аялы бул жерде калып, күйөөсү чет жерде иштейт же тескерисинче аялы кетип, күйөөсү калган учурлар көп. Же болбосо экөө тең иштегени чет өлкөгө кетип, сыз жерде, шамалда иштеп же жашап, жыныстык жактан ооруп келишет. Кээде атайын эмгек эргүүсүнө чыгып, келип дарыланып кеткендер бар.